Диний лидерлер эрте никенин алдын алуу чараларын үйрөнөт

20-октябрда Бишкекте диний лидерлер эрте никенин алдын алуу боюнча иш-аракеттерди кантип жүргүзүүнү, маалыматты натыйжалуу таратууну үйрөнүшөт. Андан кийин алар аймактарда түшүндүрүү иштерин баштайт.

Окууга ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан эркек жана аял диний лидерлер тандалып алынган. Алар эрте нике үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик, Исламдагы нике курагы, мыйзамдарды таанып-урматтоо боюнча динде эмне айтыларын үйрөнүшөт. Мындан сырткары тренердик чеберчиликтин негиздерин да өздөштүрүшөт.

Диний лидерлерди эрте никенин алдын алуу жаатында окутуу эмне үчүн маанилүү?

Кыргызстанда 1000 аялдын 43ү 15-19 жашында төрөйт. Бул сандар эрте никеге туруу көйгөйү курч бойдон турганын далилдейт. Улуттук статистикалык комитет жана ЮНИСЕФтин изилдөөсүндө өлкөдө 15 жашка чейин 6 миң кыз, 18 жашка чейин 160 миң кыз турмушка чыккан.

Мыйзамда нике курагы 18 жаш деп белгиленген. Бирок жүйөлүү себептер жаралса, мисалы, секелек кыз кош бойлуу  болгондо никени каттоого уруксат берилет. Эрте никенин көпчүлүгү мамлекеттин каттоосунан өтпөйт да, молдолор никени окуп кое берет.

Эрте нике  көп жылдардан бери чоң көйгөй бойдон калганына карабай, Кыргызстан 2016-жылы гана дин кызматкерлери үчүн жашы жете электерге нике окуганы үчүн жоопкерчилик киргизди.

Имамдарга жоопкерчилик киргизилгени менен эрте никени жоюуга диний лидерлерде гана эмес, ата-энелердин өздөрүндө, жалпы коомчулукта көңүл кош мамиле бар. Муну түшүндүрүү, маалыматты жеткирүү менен гана чечүүгө болот.Бул максатта Аялдардын тынчтык банкы бир нече эл аралык уюмдар менен бирге калктын ар кайсы катмарында иш алып барып келет. Кезек диний лидерлерге жетти.

Тренинг диний лидер-эркектерди жана диний-лидер аялдарды жамааттарда эрте никелешүүнү алдын алуу боюнча маалымат кампаниясын өткөрүүгө окутуп-үйрөтүү жана даярдоого багытталган.

Тийиштүү окутуудан өтүшкөн диний лидер-эркектер жума намаздарда калктын эркек катмары үчүн масала айтуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү. Ошол эле убакта диний лидер-аялдар медреселердин окуучулары менен жолугушууларды жана тренингдерди өткөрүшүп,  эрте никелешүүнүн ден соолукка, билим алууга, кесип тандоого,үй-бүлөлүк турмуштун келечегине жана, жалпысынан, кыздардын коопсуздугуна тийгизчү кесепеттери жөнүндө маалымат беришет.

Окутуудан өтүшкөн диний лидерлер тарабынан эрте никелешүүнү алдын алуу.

Тренинг «Окутулган диний лидерлер тарабынан маалымат кампаниясын жүргүзүү аркылуу жашы жете электерге нике кыюу диний каадасына тыюу салуу жөнүндө Мыйзамдын жүзөгө ашырылышына колдоо көрсөтүү» маалымат кампаниясынын алкагында «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана муфтият менен кызматташтыкта өткөрүлөт.

Маалымат кампаниясы ПРООНдун “Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын маргиналдашууга туруштук берүүсүн мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу аркылуу жогорулатуу” долбоорунун алкагында Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика