Эч тартынбай эт сата бергиле. Казакстан чектөөнү алып салды

Казакстан Кыргызстандан ташылган эт жана эт азыктарына койгон убактылуу чектөөсүн алып салды.

Бул тууралуу ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Рахат Садырбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, мамэкотехинспекция казак тарапка Кыргызстандагы эпизоотиялык абал боюнча толук маалымат берген. Мындан улам казак тарап чектөөнү алып салган.

Мекемеден ырастагандай, учурда Кыргызстанда эпизоотиялык абал жакшы.

Эскерте кетсек,  9-октябрда Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген. Көп өтпөй казак тарап да Кыргызстандын этин киргизүүдөн баш тарткан.

Өткөн аптада Кыргызстан тоок этин ташып келүүгө койгон чектөөнү алып салган.

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эт азыктарын эң көп сатып алган өлкө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of