Илмияновго сыртынан айып тагылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру, кеңешчиси Икрамжан Илмияновго коррупция беренеси боюнча сыртынан айып тагылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдады.

Ага ылайык, күн мурун Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Илмияновго эмненин негизинде айып коюлганы белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда анын үстүнөн ишкер даттанган.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын деген адамдарынын бири Икрамжан Илмиянов учурда кайсы өлкөдө экени белгисиз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of