Көзү азиз Асилбек үйлүү болду

0

Тубаса көзү азиз  Нуркамил уулу Асилбек  үйлүү болду. Ага Ош шаарындагы “Нурзаман” турак-жай комплексинен батирди кайрымдуу инсандар белек кылышкан. 

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдиргендей, бүгүн кечке маал Асилбектин үй-бүлөсүнө батир ачкычы берилип, чакан той өтөт. Аземге  дин аалымы Чубак ажы Жалилов, ЖК депутаты жана жардам колун сунган инсандар катышат.

Нурками уулу Асилбектин көзү төрөлгөндө эле азиз болгон. Медреседе билим алган. Жубайынын буту ооруп, экинчи топтогу майып. Үч баласы бар – улуу кызы дени сак төрөлгөн, андан кийинки кызынын көзү азиз. Уулу да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү – эки көзүндө чоң шишиктери бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of