Карызы бар керектөөчүлөргө жылуулук берилбейт

Борбор калаадагы жылуулук түйүнүнө кошулган көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына жылуулук жана ысык сууга карызын төлөгөндөн кийин гана жылуулук берилет.

“Бишкек жылуулук түйүнү” ишканасынан билдиришкендей, шаардагы үйлөрдүн дээрлик жарымына жылуулук берилген.

Жалпысы болуп жылуулук менен 1113 үй, 11 оорукана, 28 бала бакча, 21 мектеп камсыз болгон.

Эскерте кетсек, жылуулук берүү 17-октябрдан башталган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of