Кымыз дүйнөдөгү эң жийиркеничтүү тамактардын музейине коюлду

Октябрдын аягында Швециянын Мальмё шаарында эң жийиркеничтүү тамактардын музейи ачылат. Келгендерге бүт дүйнө өлкөлөрүнүн ашканасынан тандалып алынган кускуну келтирчү тамактар сунушталат. 

Экспонатттардын катарында буканын жыныстык мүчөсү, курттаган сыр, акуланын сасып кеткен эти бар. Бул тамактар менен катар кымыз суусундугу да тандалып алынган.

Музей үч ай бою иштейт. Кирүү акысы – миң сомдон ашыгырак.

Кымыз менен катар дагы кайсы тамактар жийиркеничтүү азыктардын музейине коюлганын көрүңүз:

Акуланын сүрсүгөн эти – Ирландиянын улуттук тамагы.

Консерваланган сельд – шведдердин улуттук азыгы. Жыты аябай сасык. Банткеттерде сунушталат. Бирок күн сайын жешпейт.

Куурулган деңиз чочкосу – Перунун улуттук тамагы. Бул жакта жыл сайын миллиондогон чочколорду жешет.

Курттаган сырда сыр чымынын тирүү курттары бар.

Буканын жыныстык мүчөсү. Комментарийсиз.
Чычкан шарабы. Күрүч арагына жаңы туулган чычкандар кошулат.

Копи-лувак – кофенин бир түрү . Мусанг аттуу жаныбар кофе дарагынын бышкан мөмөсүн жейт, кайра улуу саарасы менен чыгарат. Аны тургундар терип, жууп, күнгө кургатышат. Бул кофе аябай кымбат, килограммы 1200 долларга чейин жетет.

Жүз жылдык жумуртка – кытай ашканасында өтө популярдуу.  Атайын аралашмада бир нече ай бою дымдалып кармалат.

 

Menudo – мексикалыктардын шорпосу. Биз жечү эле уйдун карынына кызыл калемпир кошуп даярдашат.

Булак: pikabu.ru

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика