Миграциялык мунапыс. Кыргызстандыктар “кара тизмеден” чыгууга шашылгыла!

Эки өлкө жетишкен макулдашууга ылайык, “кара тизмедеги” айрым жарандарга мунапыс берилет. Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн кыргызстандыктарды легалдаштыруу да ишке ашат.  Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

2018-жылдын  ноябрь айынан тарта РФтин тиешелүү органдары айрым беренелер боюнча кыргызстандыктарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюуну алып салуу ниетинде. Ошентип,  административдик жоопкерчиликке бир нече жолу тартылгандар, мурда РФтин аймагынан 30 сутканын ичинде чыгып кетпегендер “кара тизмеден”чыгарылат. Бирок алар алдын ала РФтин Ички иштер министрлигинин сайтынан онлайн түрдө өзүн текшерип алышы керек.

Мындан сырткары анча оор эмес административдик укук бузгандар, Орусияда жүрүү тартибин бузгандар жана РФ аймагында легалсыз жүргөндөр 16-октябрдан 10-декабрга чейин өлкөдөн эч кандай тоскоолдуксуз чыгып кетип, кайра кирсе болот. Башкача айтканда алар жоопкерчиликке тартылбайт жана “кара тизмеге кирбейт”.

Ошол эле учурда мындай жеңилдиктер КРнын төмөндөгү жарандарына берилбейт:

  • Орусиянын сот органдарынын чечими менен “кара тизмеге” киргендер;
  • Издөөдөгү жарандар;
  • Орусиянын “РФке кирүү жана РФтен чыгуу тартиби тууралуу” №114 Федералдык мыйзамынын негизинде Орусияга кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктар.

Орусия 2015-жылы Кыргызстан жарандарына ушундай “миграциялык мунапыс” берген. Бирок көпчүлүк мындан пайдаланып калган эмес. Андыктан элчилик бул жолку мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоону эскертет.

Орусияда бир миллиондой кыргызстандык жашайт.  Азыр болжолдуу түрдө кара тизмеде 80 миңдей жаран “кара тизмеде” . Алардын 30 миңдейинде мунапыстан пайдаланып калууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми калган 50 миндейи сот чечими менен тизмеге киргендиктен, маселеси азырынча чечилбейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of