Ошто таза суу берүү убактылуу токтотулат

«Ошшаарсууканал» ишканасынын күзгү-кышкы профилактикалык ремонттоо иштерине байланыштуу  23-октябрь күнү саат 24:00дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00гө чейин суу токтотуларын мэриядан эскертишти.

Чектөө «Курманжан -Датка», «Манас-Ата», «Туран» аймактык кеңештеринен, «Достук» кичи районунан жана «Калинин» массивинен башка аймактарында болот.

Мындан улам суу чарба башкармалыгы шаардыктарга ушул убакытка жете турган сууну камдап алууну эскертет.

Ош шаарында жыл сайын жаз, күз мезгилдеринде таза суу берүү токтотулуп, оңдоо иштери жүрүгүзүлөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика