Президентке жаңы учак сатып алууга каражат жок

Президентке учак сатып алуу үчүн кеминде 80-100 млн. доллар керектеле турганын, бирок мынча каражат мамлекетте да, жеке компанияларда да жок экенин жарандык авиация жана укуктук колдоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакиров билдирди.

Абакировдун белгилешинче, учурда президент колдонгон “ТУ-154” борту советтер союзу убагында чыгарылып, бир да жолу жаңыланган эмес.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев президент катардагы каттам менен учканын, анын коопсуздугуна тынчсызданганын айтып, жаңы учак белек кылуу сунушун айткан.

Мамлекет башчысы буга чейин Ошко, АШКга катардагы каттам менен учкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика