УКМК Икрам Илмияновго издөө жарыялады

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы жана Алмазбек Атамбаевдин кенешчиси болуп туран Икрам Илмияновго издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

УКМКнын маалыматында Илмиянов июнь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок атайын кызмат анын жүргөн жерин так билбейт.

КСДП болсо Икрам Илмиянов Орусияда жүргөнүн “Кактуска” билдирди. Ал Москвада апасын дарылатып жүрөт.

Эске салсак, Икрам Илмиянов президенттик аппаратты жетектеп турганда ишкерден 150 миң доллар пара алган деп шектелип, кылмыш иши ачылган.

Бир аз мурдарак эле Икрам Илмияновго сыртынан айып тагылганын Башкы прокуратура жарыялаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика