Уурулукка каршы чыкпаган эл ууруларды багат

Журналист, блогер Ыдырыс Исаков бул жолу мектептеги акча жыйнамай жөнүндө пост жарыялады. Окуу жайлардагы борго же тряпкага деп топтолгон майда тыйындын артында чоң уурулук жатат деген блогердин пикирин сунуштайбыз. 

Мектепте акча чогултуп атат деп, биз, чортамандар гана кыйкырып атабыз. Чоңдор неге кыйкырбайт? Же эмне, прокурордун, соттун, финполчунун, УКМКнын, тергөөчүнүн, эсеп палата кызматкеринин баласы мектепте окубайт дейсизби? Окушат. Мугалим алардын балдарынан акча доолабайт дейсизби? Доолайт. Анан ошол көзөмөл органда иштеген ата-энелер төлөбөйт дейсизби? Төлөйт. Бирок унчукпайт. Анткени балдардын ырыскысын ошол унчукпаган чоңдорубуз башынан эле жеп алган эмеспи? Аны өздөрү билбейт дейсизби? Жакшы билишет.

Пардага, килемге, борго, тряпкага деп топтолгон акчанын артында чоң уурулук турат. Айына 10 кило бордун ордуна 5 кило берилет. Килосу 100 сомдук бордун ордуна, 30 сомдук, жукпаган таш бор берилет. Салмагы аз, сапаты жок бордун артында ТЕНДЕР турат. Тендерден тең бөлүп жеген чоңдор турат. Аны текшерген көзөмөл органдар турат.

Окуучуларга китепке кошумча тапшырма дептерлерди чыгарып сатуунун артында да чоң бизнес турат. Аны текшерген киши жок дейсизби? Бар. Текшеришет. Кылмыш белгисин аныкташат. Анан сүйлөшөт. Анан келишет. Анан маселени чечишет.

-Чечкенде кантип чечет?

-Үлүшүн алат. Анан көз жумат. Көрмөксөн болот. Билмексен, укмаксан болот. Ууру ата-эне кулагы дүлөй, көзү көр майыптын ролун аткарат. Ошол майыптын ролун аткаргандыгы үчүн жакшы өлчөмдө гонорар алат. Анан үйгө келет. Баласы “Эжеке бул дептерди сатып алгыла деп жатат” -деп акча сураса эринбей берет. Баласына акчаны берип атып, жылмайып күлүп, баягы мен текшерген кишинин китеби го деп ойлоп коет. Анан берет. Унчукпай берет. Оозу жабылган неме билмексен болуп берет. Жөн эле бербей, баласынын алдында берешен, пейили кенен, март атанын ролун ойнойт. Бала байкуш атасынын ууру экенин, ууруну тоногон каракчы экенин кайдан билсин. Айлыгынан берет деп ойлойт да. Тим эле жыландан камчы кармагандай полномочиеси бар атасынын бар маянасы арзыбаган 10-18 миң сом экенин бала байкуш кайдан аңдасын.

Кыскасы, мектеп топтогон ар бир тыйын өлкөдөгү уурулуктун ордун толтурууга жумшалат. Мугалим бечаралар уурулуктун ордун толуктайм деп отуруп, өздөрү ууру атка конуп калышты. Мугалимдердин кадыры кетти. Мугалим чогулушка чакырса, ата-эне “канча акча сала барсам экен” -деп ойлонот. Анткени мектепте ата-энеден акча доолабаган чогулуш өтпөй калган. Ата-энелер чогулушунда АКЧА салттуу темага айланган.

Уурулукка каршы чыкпаган эл, ууруларды багат.

Мага ар кайсы жактан ата-энелер мектептеги, бала бакчадагы акча топтоолор тууралуу даттанышат. Көйгөйдү ачыкка чыгаруумду суранышат. Бирин аткарсаң экинчиси калат. Ата-энелер эмнегедир өзүнүн баласы окуган мектепте гана акча топтоо бар, башка мектептерде акча топтоо жоктой ойлонушат.

Урматтуу чортаман ата-энелер. Акча топтоо Кыргызстандагы бардык мектепте бар. Уурулук менен алектенген бийлик уурулукка каршы чыгалбайт. Анткени Кыргызстандын бүт көзөмөл органдары уурулуктун эсебинен оокат кылат. Эгерде көзөмөл органдарында, мамлекеттик кызматта уурулук болбосо, анда мамлекеттик кызматкерлер өлкөдөгү эң бечара, эң жакыр адамдар болмок.

Кыскасы биз, мугалим сураткан, догдур доолаган, МАИ зордоп алган акча менен, заты бир, аты башка дарыларды сатып алуу менен, тендерлер менен бүт мамлекеттик кызматкерлер армиясын багып атабыз.

Кыргызстандын чор таман калкы, сиздер кайрат кылыңыздар! Белди бекем бууңуздар! дагы чыдаңыздар! Жакшы көргөн өлкөбүздө уурулук жакын арада ооздукталбайт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of