Икрамжан Илмиянов кармалды

Экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Москвада кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу 24.kg сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Түндө Москва-Бишкек каттамында  учуп келгендер жүргүнчүлөрдүн катарында Икрамжан Илмияновду таанып калышкан. Күбөлөрдүн айтымында, ал колуна кишен салынып, форма кийбеген адамдардын коштоосунда болгон.

УКМК Илмияновдун кармалганын “Акипресске” тастыктады. Атайын кызмат кенен маалыматты бир аздан соң таратмай болду.

Икрамжан Илмияновго кечээ, 19-октябрда издөө жарыяланган. Бишкектин Биринчи май райондук сот ага сырттан айып тапкан.

Эске салсак, Икрамжан Илмиянов президенттик аппаратты жетектеп турганда ишкерден 150 миң доллар пара алган деп шектелип, кылмыш иши ачылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика