“Уялчаак” депутат №2. Белек күткөн Кыргызстанды орус медиасы какшыктады

Кыргызстандын Жарандык авиация өкүлү Алымбай Абакиров президент Сооронбай Жээнбековго дагы бир учак белек кылышат деген үмүттө.

“Азыркы №1 бортту Орусия президенти 10-12 жыл мурун белек кылган. Дагы бир ушундай белек болот деп үмүттөнөбүз”, – деген Абакиров.  Жетекчинин бул сунушун орус медиалары да жазып, Кыргызстан Путинден дагы самолет күтүп жатат деген таризде какшыктай материал жарыялашкан. Соцтармак болсо “эл аралык деңгээлде ушинтип уят болууга “уялчаак” депутаттар түрткү болуп жатканын” талкууга алды. 

Эскерте кетели, президенттин учагы үчүн уялган депутат – Таабалды Тиллаев.

“Мен уялам. Бул учакты Орусия белек кылган. Өзбекстандын президенти деле учакты белекке алган. Бизде Түркия менен достук мамилебиз бар… Президент ушул суроону көтөрсө болот. Жупуну болгон үчүн ал катардагы рейстерде жарандар менен чогуу учууда. Биз буга кубанбашыбыз керек. Анын коопсуздугу тууралуу ойлонуу керек”, – деди Тиллаев.

Ошентип, парламентте дагы бир “уялчаак” депутат пайда болду. Биринчиси – Камчыбек Жолдошбаев. Ал коомдук унаада жумушка келген кесиптештери үчүн уяларын айткан.  Экинчиси  Таабалды Тиллаев президенттин кадимки учакта эл менен учканынан уялат.

Соцтармак колдонуучулары болсо мамлекет башчынын катардагы рейсте учканы жакшы экенин, элге жакын болорун айтып, “уялчаак” депутатты айылдарга чакырды.

“Бир кыдырсаңар уяла турган нерселер көп”, – деди Фейсбук колдонуучусу Алымбек Өмүрзаков.

Кыргызстанда №1 борт – Ту-154М. Аны 2006-жылы Владимир Путин белек кылган. Адистер бул учак эски деп эсептелерин, бирок абалы жакшы экенин билдиришти. Жаңысын сатып алууга кеминде 80-100 млн доллар керек. Азыр өлкөдө мындай акча жок. 

Сооронбай Жээнбеков  катардагы рейстерде жарандар менен чогуу учуп, өзүнө позитивдүү  көз карашты жарата алды. Анын кадимки учактагы сапарлары соцтармакта жылуу пикирлерди жаратып келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика