Аба ырайы: күндүн табы +19 градуска чейин жогорулайт

Бүгүн, 22-октябрда республика аймагында күн ачык болот.

Кыргызгидрометтен билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Аймактарда абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+6, күндүз 14…19;

Талас облусунда түнкүсүн 1… +4, күндүз 13…18;

Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -2…+2, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-10, күндүз 3….8 болот.

Борбор калаада бүгүн жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…+5, күндүз 17…19 градуска чейин жылуу болот.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика