Абдрахманов Атамбаевди Кыргызстандан сыртка чыгарбоо талабын койду

 Аймактарда “Атамбаевсиз КСДП” акцияларын уюштуруп жүргөн Сагынбек Абдрахманов экс-президентти Кыргызстандан сыртка чыгарбоо керек деген билдирүү таратты. Мурдатан эле ушундай сунуш менен чыгып жүргөн Абдрахманов Атамбаевдин Москвага сапарын утурлай дагы активдешти.

Сагынбек Абдрахманов “Калыс Медиага” билдиргендей, “экс-президент качып жөнөбөй, политбосстордун жана өзүнүн байлыгы тууралуу отчет бериши керек”.

“Сен байлыгыңды кайдан топтодуң? Декларациясы кана?  Ата-Бейитте ант берген эле. Сөзүн аткардыбы? Атамбаев бийликке келгени карызыбыз эки эсе, мигранттардын саны үч эсеге көбөйдү. А буга ким жооп берет? Жакырчылык күчөдү. КСДПнын политбосстору байып атат, а карапайым элдин кредит, карыздан башы чыкпай атат. ЖЭБ боюнча кармалгандардын башында Атамбаев турат да. Жооп берсин! Ошондуктан, биз Атамбаевди чек арадан чыгарбаш керек деп атабыз. Бул менин жеке талабым эмес, көптөгөн адамдардын талабы”, – дейт Абдрахманов.

Сагынбек Абдрахманов баштаган топ ушул тапта аймактарды кыдырып, “Атамбаевсиз КСДП” конференцияларын өткөрүп жатат. Ысык-Көл, Чүй, Нарында болуп, ушул тапта Таласта жүрүшөт. Андан ары өлкөнүн түштүк аймактарында жыйындар өтөт. Бул Абдрахмановдун айтымында республикалык деңгээлдеги съезддин алдындагы иш аракеттер.

“Кезексиз съезд өктөрүп, Атамбаевден отчет сурап, аны төрагалыктан алууну талап кылабыз”, – деген Абрахманов жыйын качан өтөрүн тактай алган жок.

Аймактагы жолугушууларга экс-депутаттар Данияр Дербишалиев, Эркингүл Иманкажоева да катышууда.

КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева болсо Сагынбек Абдрахмановду  бул “саясий оюнда” кичинекей фигура деп атап, анын артында чоң күчтөр турат деп билдирди.

“Жайында Абдрахманов оюндарын баштаганда эле айтканбыз. Мунун баары мыйзамсыз, партиянын уставдарына каршы келет. Жер-жерлерде жыйын куруп эле партиялык конференция деп атап жатат. Партиялык конференция  өткөрүш үчүн саясий кеңештин же координатордун чечими болушу керек”, – дейт Жолдубаева.

Ал кошумчалагандай, “Абдрахманов КСДПга таарынычы бар, мурда-кийин кызмат тийбей калган адамдарды чогултуп алып эле ушундай оюндарды жүргүзүп жатат. Бул оюнда Абдрахманов – кичинекей фигура, анын артында чоң кишилер турат”.

Абрахманов болсо  өткөрүп жаткан жыйындары КСДПнын уставдарына каршы келбей турганын, а артында болсо чоң күч – эл турганын тактап өттү.

Сагынбек Абдрахманов 2010-жылы КСДП тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат шайланган. Акыркы президенттик шайлоодо ат салышарын билдирип, кийин таза шайлоого ишеним жок деп талапкерлигин алып салган. 2017-жылдын августунда аны социал-демократтардын катарынан чыгарып салышкан. Абдрахманов менен Ринат Самудинов партиянын атынан президенттикке талапкерлерди саясий кеңеш же бир адамдын чечими менен эмес, праймериз (алдын ала шайлоо) ыкмасы менен тандалышы керек дешкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика