Атайын эсеп: дагы 6 млн. сомго жакын каражат түштү

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 5 миллион 233 420 сом түшкөнүн кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, атайын эсептеги жалпы каражаттын суммасы 200 млн. сомго чукулдады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатты атайын эсеп ачып, топтоону тапшырган.

Атайын депозиттик эсеп Каржы министрлигинин алдында түзүлгөн.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of