Атамбаевдин Москвага кандай максатта барары айтылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаев  24-октябрда Москвада өтүүчү Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышат.

КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара 24-27-октябрь күндөрү болот. Ага Азия, Африка, Латын Америкадан партия лидерлери жана өкүлдөрү катышат. Иш-чарада экстремизмге каршы күрөшүү маселеси талкууланып, көз карандысыз өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпөө маселелери боюнча тегерек стол өтөт.

Бүгүн жана эртең Алмазбек Атамбаев бир тууган жеңесинин көзү өтүп кеткенине байланыштуу Санкт-Петербург шаарына барып, акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат.

Алмазбек Атамбаевдин иш сапары 28-октябрда жыйынтыкталат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of