Дүйнөдөгү сакалчан эң жаш аял эмне менен алектенет?

Сакалы бар аял десе көз алдыбызга “Евровидение” сынагынын жеңүүчүсү Кончита Вурст тартылат. Ал эми аялдар арасында табиятынан сакал өсүп, анын кесепетинен өзүн коомчулуктан оолак кармагандар дагы бар. Харнаам Каур сакалы бар болгонуна карабастан, бардык кыйынчылыкты башынан кечирип, жеңип чыккан аял. 

Харнаамга сакал гормондук бузулуудан жана поликистоздук без синдромунун кесепетинен өсөт. Бул синдромго чалдыккан аялдардын бетине өмүр боюу чач чыгат. Каур 12 жашка толгондо дарыгерлер ага диагноз коюп берген. Ошол кезде ал арык-чырай, назик кези болгондуктан дарыгерлер жазып берген дарыларды ичип турган. Кийин кыздын саламаттыгы начарлап кеткен. Анын денесиндеги өзгөрүүнү байкаган чогуу окуган классташтары жаман лакап аттар менен атап, мазактай баштаган. Кызынын мындай абалга түшкөнүнө чыдабаган эне мектептен чыгарып алып, сулуулук салондоруна алып барган.

“Мен салонго барганымда креслодо чачын жасатып аткан аял колунан журналын түшүрүп чочуп кетти. Себеби ошол убакта менин сакалым тездик менен өсүп жаткан”-деди Каур.

 

Харнаам Каур салонго барса да, намысына тийген оор сөздөрдү көп угуп, бетиндеги чачын алдырып салган. Классташтарынын айткан кебинен тажаган кыз 15 жашында өз өмүрүнө кол салмакчы болгон. Жанын кыйуу үчүн дарыларды дагы ичкен. Бирок бир кыз анын жашоосун түп тамырынан өзгөртүүгө себепчи болгон. Бул окуядан кийин Харнаам Каур эпиляциядан баш тарткан.

Азыр сакалы бар экенине эч убакта кысылбайт. Көнүп деле калган. Кызгылт түстөгү көйнөктөрдү көп киет. Азыр өзүн бактылуу сезет. Аны менен катар башына жоолук салынып жүрөт. Көпчүлүк сакалчан аялдын бактылуу боло аларына ишенген эмес. Бирок Харнаам сүйүктүүсүн таап, жумушка да орношту.

Харнаам Каур менен сүрөткө түшкөндөр көбөйдү. Арасында жек көрүп карагандар дагы бар. Ага көңүл бурбай кордук, зулумдук көргөн адамдарга жардам берип, кеңешин айтып келет.

“Аялзаты бактылуу болушу үчүн белгилүү бир образынан тартынбашы керек”,-деди ал.

Харнаам Каур 27 жашта. Учурда Улуу Британияда жашайт. 2016-жылы Лондондо өткөн мода жумалыгында сакалы бар алгачкы аял аталган. Кийин Гиннестин рекорддор китебине сакалы бар эң жаш аял деп кирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика