Эрмек Кадыров АКШда арабада отуруп баскетбол ойногонду үйрөнүп жатат

“Тумар” бийчилер тобунун жетекчиси Эрмек Кадыров АКШда араба отуруп баскетбол ойноо боюнча окуудан өтүп жатат. Мындай мүмкүнчүлүктү ага Американын Мамлекеттик департаменти түзүп берген. 

Эрмек Кадыров ал жакта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бардык шарттар бар экенин айтат. Майыптар спорттун каалаган түрү менен машыга алышат. Мисалы, арабада отургандар үчүн баскетбол аянты бар.

“Баскетбол ойноо үчүн сунушталган арабалардын баасы Кыргызстанда абдан эле кымбат. Анын ар бир даанасы орточо 7 миң долларды түзөт”, – дейт Эрмек.

Андыктар Эрмек Кадыров долбоор жазып, чет өлкөдөн атайын арабаларды алдырууга аракет көрүп жатат.

“Тумар”  тобундагылар башында медициналык арабалар менен бийлечү. Кийин бий үчүн атайын коляскаларды алдырышкан. Эми алар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн баскетбол аянтын ачууну көздөп жатат.

“Тумар” тобу 2009-жылы түзүлгөн. Топко Бишкектеги “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары кирген. Алар бир нерче эл аралык сынак, чемпионат жана ТВ-шоуларда байгелүү орундарга жетишкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика