Илмиянов Жээнбеков менен Сурабалдиеваны “уруштурду”

Фейсбук социалдык тармагында Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева менен экс-депутат Равшан Жээнбеков кайым айтышты.

Чырдын чыгышына экс-президент Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кармалгандан кийинки жазылган Равшан Жээнбековдун посту себеп болду.

Равшан Жээнбековдун фейсбуктагы баракчасынан алынган сүрөт

Постко дароо оюн билдирген Эльвира Сурабалдиева 2014-жылы Равшан Жээнбековдун атасы  Бабырбек Жээнбеков Антимонополия кызматынын директору болуп турган мезгилде андан 300 000 сом пара сураганын жазган. Акчаны талап кылган Жээнбековдун жардамчысы Кудаяров пара алып жактан жеринен кармалып, акырында акталып чыкканын, бирок анын ордунда Бабырбек Жээнбеков өзү жоопко тартылышы керектигин депутат жазды.

Депутат болгонумдан кийин биздин оппозиционер болумуштун атасы тууралуу кызыктуу маалыматтарды билдим. Көрсө, ошол окуяда Бабырбек Жээнбеков саясий чөйрөдөгү орду бар олуттуу адамдардын жардамы менен гана жоопкерчиликтен кутулган экен. Ал “Форумдагы” (Атамбаевдин ишканасы) ролу чоң киши. Тапкылачы, ким жөнүндө сөз кетип жатат?”, – деп депутат суроо салган.

“Акаев мезгилинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеп, мамлекеттик менчиктерди сатып байыган Равшан Жээнбеков өзү бир аз абайласа болмок. Анткени убакыт келип, жаштар байлыгыңыз кайдан чыкканына кызыгат. Кимдир бирөө саясий чокудан түшкөндөн кийин анын артынан сүйлөбөй, бийликте турганда көзүнө сын айтууга виртуалдык кайраттуулукту арттырып алуу ашыкча болбос”, – деп постун бүтүргөн депутат.

Эльвира Сурабалдиеванын фейсбуктагы баракчасынан алынган сүрөт

Мындан кийин Равшан Жээнбеков тим болгон жок. Ал депутатты кошоматчы деп сынга алды.

Равшан Жээнбековдун сынына Сурабалдиева жооп бере элек.

Эскерте кетсек, 19-октябрда Икрам Илмияновго сырттан айып тагылып, издөө жарыяланган. Андан бир күн өтпөй, 20-октябрда аны Москвадан кармап келишкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика