Казакча гана сүйлөйм! Казак дарыгери менен орус бейтаптын чыры эмне менен аяктады?

Мындан бир канча күн мурун Казакстанда бейтап аялды орус тилинде сүйлөгөнү үчүн кабыл албай койгон балдар дарыгеринин видеосу тараган эле.

Тасма 17-октябрда Казакстандагы бейтапканалардын биринде тартылып алынган. Балдардын лор-дарыгери Молдир Утебаевага орус улутундагы аял уулун алып келип, адиске орус тилинде кайрылат. Бирок дарыгер бейтаптан казак тилинде сүйлөшүн талап кылып, кароодон баш тарткан. Бул чуулгандуу окуя соцтармакка тарап, элдин талкуусуна жем таштаган. Айрымдары улутчулуктун жеткен чеги деп сындашкан.

Ал эми дарыгер өзүнүн дарегине айтылган сындарды четке какты.

“Бир катар ЖМК жана интернет басылмалары мени улутчул деп жазып чыгышты. Мага туугандарым, жакындарым дагы байланышка чыгып окуянын чоо жайын сурап жатышты. Мен бейтап менен элдештим. Келишпестиктер мындан кийин болбойт. Мен башында бейтапты кабыл алууда орус тилинде сүйлөгөм. Ал болсо мени орус тилин жакшы  билбегеним үчүн мыскылдады. Ошого ачуум келип мен казакмын, казак тилинде сүйлөйм деп айткам”,-деди дарыгер.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Дорогие друзья и коллеги ну и конечно же переживавшие граждани по поводу вчерашнего конфликта в поликлинике , доктор поняла свою ошибку и попросила прощение. Я её поняла и простила. Вошла в её положение.Ради уважения к администрации города Аркалыка и главного врача доктора Тураниной. Я за мир во всём мире! Пусть Казахстан в том числе и Аркалык процветает ведь это многонациональная странна. К счастью я патриотка своей родины. Очень надеюсь, что для всех это будет уроком.

Публикация от АТЫРАУ | КАЗАХСТАН | 06 🍁 (@atyrauoil)

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика