Кыял Мукашев эмгек жана социалдык өнүгүү министри болобу?

Кыялбек Мукашев

Экс-министр Таалайгүл Исакунова кызматтан алынгандан кийин мыйзам боюнча өкмөт анын ордуна беш күндөн ичинде талапкер сунушташы керек эле. Бирок али күнгө чейин аткаруу бийлиги эч бир кандидатты сүрөй элек. 

Өздүк булактардан келген маалыматка караганда, азыр министрликке 3 адамдын аты аталып жатат. Алар: мурда министрликти жетектеп кеткен Кудайберген Базарбаев, миграциялык кызматтын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Кудайбердиев жана Каржы министрлигинин экономика тармагындагы чыгашаларды пландоо башкармалыгынын жетекчиси Кыял Мукашев.

Жогорку Кеңеш азыр Кыял Мукашевди колдоп жатыптыр. Талапкер жакынкы күндөрү тиешелүү комитетке сунушталат.

Эскертке кетсек, экс-министр Таалайгүл Исакунова чет мамлекеттерге болгон сапар учурунда дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгонун, премьер-министрдин уруксаты жок сапарга чыкканын Башкы прокуратура тастыктаган. Президент Исакунованы 11-октябрда жумуштан алган.

Жумуштан кеткен соң да ишке келип, токтомдорду чыгарып жүргөн министр боюнча маалыматты бул шилтемеден окуңуз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

4
Пикир калтыруу

avatar
4 Comment threads
0 Thread replies
0 Followers
 
Most reacted comment
Hottest comment thread
4 Comment authors
AijanСоцзащитаБолот БалтабаевСабиров Recent comment authors
  Subscribe  
newest oldest most voted
Notify of
Сабиров
Guest
Сабиров

Мукашев и Базарбаев бул министрликте иштеген. Жакшы иштеген десек да болот. Бирок Базарбаев кичине Дуйнолук Банктын акчасына жакшы убакыт откоргону маалым.

Болот Балтабаев
Guest
Болот Балтабаев

Азыркы талапкерлерден К.Мукашев эле татыктууго

Соцзащита
Guest
Соцзащита

Кыял Белекович, татыктуу кадр! Өзүнүн жумушун так билет, эгерде министр болуп келсе системага дагы жакшы болот.

Aijan
Guest
Aijan

Мукашев очень порядочный человек