“Үмүт” эл аралык жаш киночулардын форуму болот

КМШ өлкөлөрүнүн кино тармагынын адистерин бириктирген “Үмүт” эл аралык форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кинофорум Бишкектеги Кино үйүндө 25-28-октябрда өткөрүлөт. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналмакчы.

Форумда 40дан ашуун тасма көрсөтүлөт. Анда чет мамлекеттерден Казакстан, Литва, Өзбекстан, Тажикстан жана Эстониянын дагы тасмалары көрсөтүлөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of