Орусиялык ырчы жубайлар ракка кабылды

Россиялык “Дюна” тобунун лидери Виктор Рыбин жана анын жубайы Наталья Сенчукова рак илдети менен күрөшүп жатат. Бул тууралуу алар НТВ телеканалынын “Секрет на миллион” көрсөтүүсүндө билдирди.

Жубайлардын айтышынча, мындан 4 жыл мурун Сенчукованын бутунан шишик бар экени байкалган. Дарыгерлер болсо ырчыга “кератоз” деген диагноз коюшкан.

Жарым жылдан кийин Рыбиндин бетине дал ушундай шишиктер пайда боло баштайт. Дермотологдун сунушу менен түрдүү косметикалык каражаттарды колдонушкан. Бирок мындай процедура эч кандай натыйжа берген эмес.

Кийин медициналык текшерүү  жубайлар рак илдетине чалдыкканын көрсөттү.

«Дюна» тобу 1987-жылы негизделген. Андан бери 20дан ашуун альбомдорун чыгарууга жетишкен. Наталья Сенчукова алгач бийчи катары таанылып, кийин ырчылыкка аттанган. Жубайлар 1998-жылы баш кошкон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of