Ош: айрым аймактарда эки күнгө жарык өчүрүлөт

22-23-октябрь күндөрү Ош шаарынын бир катар аймактарында күз-кыш мезгилине энергобъектилерди даярдоо байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, Ак-Буура аймактык кеңешиндеги А. Масалиев проспектисинде, Өзгөн, Тилеке Баатыр, Лумумба, Мажүрүм-Тал көчөлөрүндө электр энергиясы убактылуу болбойт.

Мындан тышкары Навои паркында, шаардык салык кызматында, Орусиянын башкы консулдугунда, Ынтымак ТВнын имаратында, Бабур атындагы өзбек драм театрында да жарык берүү эки күнгө токтотулат.

Достук жана Курманжан Датка аймактык кеңешиндеги Ленин, Грибоедов, Мичурина, Ташкент жана Лесхозная көчөлөрүндө өчүрүлөт.

Өчүрүүлөр саат 09:00дөн 17:00гө чейин болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика