Президент “мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча” жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган жарлыкка ылайык, Чаек айылдык кеңеши таркатылып, жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2-декабрга белгиленген.

Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлгөн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of