Сарыбашев: жеке бир адам элдин, шаардын эсебинен байыбаш керек

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов өткөн аптада шаардагы тиешелүү жетекчилер менен жыйын куруп, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Негизинен автотоктомолордун (парковка) жоюулушу боюнча буйруктун аткарылышы, мыйзамсыз курулуштар жана шаардагы бир топ маселелер боюнча сөз болду.

Калаа башчысы жетекчилерди таза иштөөгө чакырып, жеке бир адам элдин жана шаардын эсебинен байыбашы керектигин, мыйзам баарына бирдей иштей турганын баса белгиледи.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика