Төрага жардамга муктаж үй-бүлөнүн өтүнүчүн орундатты

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун кийлигишүүсү менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну, беш баланын энеси Султанбек кызы Мээримдин үй-бүлөсүнө турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилди.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, ушул жылдын февраль айында Төрага Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, эки майып баланы баккан үй-бүлөдөн кабар алган.

Үй-бүлөдөгү улуу балдары Изат менен Кубанычбек басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, үйдө ата энесинин кароосунда отурушат. Алардын ата-энеси турак жай салууга жер тилкеси керек экенин айтып, бирок акча каражатынын тартыштыгынан кыйналып жатканын билдирген. Жумабеков үй-бүлөнүн муктаждыгын чечип берерин убада кылган.

Төраганын өтүнүчүн колдогон «Кызыл кайрат» кайрымдуулук фонду аталган үй-бүлөгө Кызыл-Суу айылынан үй курууга жер тилкесин сатып берди.

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Манас Алымов жакын арада үйдүн пайдубалы түптөлөрүн билдирди. Балдар болсо жакын арада борбор калаада медициналык текшерүүдөн өтмөкчү.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика