“Замандаш” партиясы программасын элге тааныштырат

26-октябрда “Замандаш” партиясы келечекке багытталган программасын презентациялайт. Саясий уюм мындай көп жылдык платформа Кыргызстандагы партиялардын ичинен биринчилерден болуп жазылды деп ишендирет.

“Замандаштын” маалымат кызматы “Калыс Медиага” билдиргендей,  программанын өзөгү –  инновациялык негизде өнүгүү.

“Азыр дүйнөдө санариптешүү, ааламдашуу болуп жатат. Биз аларды карап эле отурбай, аларга теңата чыгып, башка нерселерди ойлоп тапканга, алар менен кошо бийиктикте болууга аракет жасашыбыз керек”, – дешти партиядан.

“Замандаш” программа тууралуу башка маалыматарды азырынча ачыктоодон баш тартты. Демек, презентациядан кийин гана партиянын багыты менен кенен таанышууга мүмкүн болот.

Программа эмне үчүн жазылды? “Замандаш” азыртан шайлоого даярдыкты баштадыбы? Бул суроолорго партиядан “жок” деп жооп беришти. Азыркы платформа саясий уюмдун негизги багыты болуп калат экен, ал эми шайлоого карата дагы программалар иштелип чыгат.

“Замандаш” партиясы парламентте жок. Программасын кантип ишке ашыра алат?  “Элге кызмат кылуу үчүн бийликте туруу шарт эмес. “Замандаш” буга чейин ММКга жарыялабай эле көп жумушту жасаган, эми да жасай берет”, – дешти маалымат кызматтан.

“Замандаш” партиясын 2007-жылы маркум Мухтар Өмүракунов негиздеген. 2010- жана 2015-жылкы парламенттик шайлоолордо 3%дын тегерегинде добуш алган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of