Жол кырсыгы: мушташтын аягы өлүм менен аяктады

“Кыргызаэронавигацияишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев күн мурун жол кырсыгына кабылган соң экинчи унаанын айдоочусу менен уруша кетип, аягы Жакыпбаевдин өлүмү менен аяктады.

Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктап, окуя кечээ, 21-октябрь күнү саат 20:00 чамаларында болгон деди.

Кырсык борбор калаанын Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөлөрүндө болгон.

Маалыматка ылайык, Лексус жана Тойота Камри үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан кийин Жакыпбаев менен экинчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсүнүн ортосунда пикир келишпестик чыккан. Ортодогу кер-мур айтышуу, жакалашуу чырга айланган. Мунун кесепетинен Жакыпбаевдин жыгылып түшкөндө, башы жолдун чекесиндеги бордюрга тийип, ошол жерде жан берген.

Каза болгон чиновниктин унаасында жубайы болгон.

Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын Бишкек ШИИБден кошумчалашты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика