1281 гол, 17 жашында дүйнө чемпиону. Пеле тууралуу 10 факт

“Футбол кудайы”. Пелени дүйнөдө мына ушинтип аташат. Ал дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болгон жалгыз футболчу. 4 жолку дүйнө чемпионатынын катышуучусу, 1970-жылы өткөн дүйнө биринчилигинин эң мыкты оюнчусу, 1958-жылкы чемпионаттын эң мыкты жаш оюнчусу, Сан-Паулу штатынын 10 жолку чемпиону. 20-кылымдын эң мыкты футболчусу. Бул анын футболдогу ийгилигинин бир чети. “Калыс Медиа” Пеле туулган күнүнө карата ал тууралуу 10 фактынын сунуштайт.

1. Эдсон Арантес дос Насименто – бул Пеленин чын аты. 1940-жылы 23-октябрда Бразилиянын түштүк чыгышындагы Трес-Корасаес айылында туулган.

2. Пеле футболдук карьерасында 1363 оюн өткөрүп, 1281 гол киргизген. Ал 1000-голун 1969-жылы 19-ноябрда жараткан.

3. Футболдук карьерасын 1971-жылы 18-июлда “Маракана” стадионунда жолдоштук беттеш менен жыйынтыктаган. Оюнду көргөнү 135 000 күйөрман келген.

4. Футболдон сырткары Пеле 10дой тасмага тартылган. Силвестер Сталонне менен “Жеңиш” тасмасында чогуу ойногон.

5. Пеленин биринчи жазган китебин окуу үчүн миңдеген бразилиялык балдар тамганы үйрөнүшкөн.

6. 1969-жылы Нигерияда бийлик аскерлери менен көтөрүлүшчүлөр Пеленин оюнун көрүү үчүн 48 саатка согушту токтотуп турушкан. Ал мезгилде “Сантос” (Пеле ойногон команда) Африкада турне өткөрүп жүргөн. Ал беттеш өтө кооптуу болот дегени менен согушуп жаткан тараптар стадиондо чогуу олтурушкан.

7. Пеле өзүнүн баласы Эдиньюну сот 33 жылга камаганын колдогон.

8. Пеленин сүйүктүү саны – 7. Футболду 7 жашынан баштап ойногон, биринчи командасы “7-сентябрь” деп аталган. Кызыгы, профессионалдык карьерасында Пеле биринчи голун 17 жашында 7-сентябрда киргизген.

9. Пеле “Нью-Йорк Космос” командасында ойногон учурда аны менен футболкасын алмаштырам деген футболчулар ушунчалык көп болгон үчүн, “Нью-Йорк Космос” клубу атааңдаш команданын ар бир оюнчусуна формасын берген.

10. Бир жолу Колумбияда “Сантос” жергиликтүү командалардын бири менен ойноп калат. Беттештин колумбиялык калыс башкарат. Биринчи бөлүмдө эле калыс өзүнүн жердештерине жан тартып, туура эмес чечимдерди кабыл ала берет. Пелени жыгытканы үчүн пенальти бербейт, оюндан сырткаркы абалда киргизген колумбиялык клубдун голун эсепке алган. Экинчи бөлүмдүн башталышында талаада оюн курчуйт. Эсеп 1:1 болуп жатканда Пеле калыстын калыссыздыгына нааразычылыгын билдирет. Калыс болсо аны талаадан чыгарып жиберет. Ошол учурда буга чейин футбол тарыхында болбогон окуя катталат. Стадиондогу колумбиялык күйөрмандар калыска нааразы болуп, чыр салышат, мушташ чыгат. “Биз бул клоун калысты эмес, Пеленин көрүү үчүн акча төлөп жатабыз”, – деп күйөрмандар кыйкырып, калыска бөтөлкө, алма, таштартарды ыргыткан. Окуя футбол тарыхында биринчи жолу талаадын калыстын четтетилиши менен аяктайт. Канат калысы ышкырыкты алып, биринчи чечими менен күйөрмандардын талабын канааттандырат. Пеле дүркүрөгөн кол чабуулар менен талаага кайтат. Оюн улантылып, Пеле гол киргизет. “Сантос” 3:1 эсебинде утуп, күйөрмандар ыраазы бойдон калышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of