Айнура Сагынбаева: косметологго кайрылган аялдар менен эркектердин саны бирдей

Учурда өлкөдө косметологдордун кызматын колдонгондордун катары күн сайын өсүүдө. Албетте, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени ким эле сулуу болгусу келбесин. Мындан улам косметологияда көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар 1-категориядагы дарыгер Айнура Сагынбаева менен маектешүүнү туура көрдүк.

– Косметолог, дерматолог катары көп жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келесиз. Бул тармакты тандап алышыңызга эмне түрткү болгон?

– Негизи адам кесип тандоодо жаңылбашы керек, эгер адам тандаган кесибин мыкты өздөштүрүп, жакшы иштеп жаткан болсо, анда ал кесип тандоодо жаңылган жок десек болот. Көпчүлүгү кесипти туура тандашпай, жумушун таштап, башка тармакка өтүп кеткендер бар. Мен кесибимди туура тандадым деп ойлойм. Анткени кичинемден эле кооздукту, сулуулукту жакшы көрчүмүн. Экинчиден, апам дагы түрткү болгон. Ал өң-келбетине абдан көңүл бураар эле, азыр жашы 60та, аны бул жашта деп эч ким айтпайт, бери жагы эле 40 жашты айтышат. Биз айыл жергесинде жашачубуз, жай мезгилинде апам бетин күндөн коргоо максатында жанына кол чатырды ала жүрчү, айылдагылардын баары күлүшүп: “муну неге алып жүрөт” дей беришчү, апам “бетим күйүп калат, терим назик” дечү. Көрсө, бул абдан керектүү нерсе экен, кийин элдин баары түшүнүп, кол чатыр көтөрө башташты.

– Кесипкөй адис болууда көп жылдык билим, тажрыйба топтоо чоң мааниге ээ эмеспи. Мындан улам косметология жаатында көп жыл изденсеңиз керек?

Кесибим – дарыгер. Косметологго караганда дарыгерлик мен үчүн бийик турат. Медициналык окуу жайды 9 жыл окугам. Окуу жайды аяктарым менен сулуулук салондорунда, мамлекеттик клиникаларда эмгектендим. Учурда косметолог менен дерматолог адистиктерин бириктирип, бирдей алып кетүү үчүн клиника ачкам. Бул клиниканы иштеткениме бир жылдай убакыт болду. Жалпысынан косметологияда иштегениме 20 жылга жакындап калды, дерматологияда иштегениме 10 жылдан ашты. Билим жок медицинада жылыш болбойт. Тажрыйба алуу максатында Бишкектеги косметологдор менен биргеликте көптөгөн семинарларга барып турабыз.

– Бизде косметология тармак боюнча мыкты адистер менен камсыз болгонбу?

– Бизде косметологдордун кызматын колдогондор аз. Бул тармак биздин өлкөдө кол жеткис нерсе болгондуктан, көбү пайдалана албайт. Анткени, кызмат көрсөтүүнүн наркы өтө эле кымбат. Деги эле башынан бери косметология бизде эле эмес, дүйнөдө кымбат кызмат көрсөтүү катары эсептелип келет. Ким эле сулуу болгусу келбесин, ар бир аял кандай гана жумушта, шартта жашабасын сулуу болгусу, картайгысы келбейт. Ушундан улам айымдарга ылайыктуу клиниканы ачууга туура келди. Көпчүлүгү “бул косметиканы кандай колдоном? Кантип бетиме сүртөм?” жана башка ушул сыяктуу суроолор менен кайрылып кеңеш алып кетишет. Учурда Бишкек шаарында косметологдор көп, бирок процедуралары кымбат. Аларга келген адамдар аз, бизде процедуралар арзан, келген кишилер көп, биз ушунусу менен утуп жатабыз. Көпчүлүгүнө түшүндүрүп берем, социалдык тармакта деле көптөгөн суроолорду беришет. Бүт бардыгын түшүндүрүп беребиз. “Клиникага барбай, эч нерсе кылбай кантип сулуу болсом болот” дегендери да бар. Бизде бул жаатта адистер жетиштүү эле, бирок элдин капчыгына туура келбегендиктен, процедуралар кымбатка туруп жатат. Ошон үчүн элдин капчыгына туура келгидей кылып баасын түшүрүү керек.

– Бүгүнкү күндө косметология тармагы улам барган сайын өнүгүп, жаңы косметикалык каражаттардын түрү көбөйүп, ошол эле учурда дене мүчөнү өзгөртүүдө түрдүү ыкмалар пайда болгон маалы. Мындан улам айымдар сырткы келбетине көңүл бурууда эмне көйгөй боюнча көп кайрылышат?

– Көпчүлүк айымдар безетки менен кайрылышат. Азыр тактардын пайда болгон маалы болгондуктан, андан арылуу үчүн бетин тазалатканы, сөөлдү кетиргиси, сурма койдургусу келгендер көп кайрылып жатат. Безетки, тереңдеп кеткен бырыштар – мисалы 28 жаштагы кыз келет, 38дегидей көрүнөт – бетине эч кам көрбөгөн, крем сүйкөгөн эмес, жадагалса кечинде бетин жуубай жатат; үчүнчү – пигменттик тактар, бул боюнча аябай көп келишет; төртүнчү – купирос – кан тамырлардын кеңейип кетиши. Колубуздан келишинче жардам көрсөтүп жатабыз.

 – Мырзалар да кайрылышабы?

Азыр айымдар менен мырзалардын келиши бирдей эле десем болот. Мырзалар деле бетинин тунук болушун, сөөлү жок, чачы ордунда болушун каалайт. Алардын деле көйгөйлөрү бар да. Кээ бир мырзалар аялдан бешбетер көп нерсени сурашат. Азыр мырзалар бырыштарды кетиребиз деп да келип жатышат. Бизге өлкөнүн алыскы аймагында айдоочу болуп иштеген мырза келип, бети безетки болгондуктан сүйлөшкөн кызынан уялып бетин жылмакай кылып тазалатты. Мындай учурлар көп эле болот. Чачы түшкөн эркектер дагы басымдуулук кылат.

– Ар бир эле айым косметологго кайрыла албайт да, ошондуктан үй шартында бетке кандай маска жасаса болот, кеңеш бере кетсеңиз?

– Үй-шартында биринчи бетти туура тазалоо зарыл, айым болобу, мырза болобу бет терисине туура кам көрүү керек. Самын менен бетти эч качан жууганга болбойт. Ал териге зыян алып келип, бетти кургатат, тез картайтат. Ошон үчүн бетке арналган атайын  жуучу каражатты колдонуу керек. Өзүнүн бетине ыңгайлуу гель же пенка болобу, ошону менен жууганы оң. Айымдар болсо бетин тоник менен сүртүп, жумасына эки жолу скраб менен жууп, кечинде түнкү бет майды сөзсүз коюп жатуу керек. Күндүзү күндүзгү крем коюш керек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of