Ашууда калган чабандар куткарылып, кыштоого түштү

0

18-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Алакан жайлоосунда калың жааган кардан улам 2200 баш койу менен  “Сары-Кыр” ашуусун аша албай калган 8 чабан үйлөрүнө түгөл бойдон келди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, чабандар аба ырайы турукташканда үйлөрүнө кайтарын билдирген. Эртеси күнү куткаруучулар чабандардан кабар алып, жайлоого бара турган жолду  жеринен билүү үчүн барышкан. Кар калың жаагандыктан, жолду тазалоо зарылчылыгы келип чыккан.

Жолду кардан тазалап, чабандарды мал жандыктары менен ашуудан түшүрүү үчүн ӨКМдин Жалал-Абад облусунун ыкчам тобу  жана  авариялык куткаруу унаасы менен куткаруучу топ тартылган.

22-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен чабандар мал жандыктары менен ашуудан аман-эсен өткөрүлүп, Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of