Атабековдун “клибин” сындаган менен Youtube`да көргөндөр көп

КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков менен казакстандык ырчы Камшат Жолдыбаеванын аткаруусундагы “Тыңда мени” аттуу ыры Youtube каналында 16 күндүн ичинде 1,5 миллион жолу көрүшкөн. 

Мындан тышкары бул клип чыгаары менен эки ырчынын Инстаграмдагы баракчаларына жазылгандардын саны дагы көбөйгөн.

“Тыңда мени” аттуу ыры Youtube каналына 9-октябрда жүктөлгөн. Видеону азыр 1 407 268 жолу көрүшкөн. Ыр алгач казак тилинде жарык көрүп, анда эротикалык көрүнүштөр көрсөтүлгөн.

Клипти Мирбек Атабеков Инстаграмда бөлүшөрү менен колдонуучулардан ачык сценалар үчүн сындар айтылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика