Бишкектеги 19 үй-бүлөлүк медициналык борбордон төртөө гана калат

Бишкек шаарындагы төрт районгө бирден гана үй-бүлөлүк медициналык борбор иштейт. Ошондо мекемелердин саны дээрлик беш эсеге кыскартылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берди.

 Министрдин айтымында, оптимизация административдик-каржылык штатты камтып, дарылаган врачтардын жумушуна таасир этпейт.

«Медициналык биринчи жардам боюнча арыздардын 50 пайызы Бишкек шаарына туура келет», – деди  Космосбек Чолпонбаев.

  Президент болсо айыл жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүү системасынын сапатын жакшыртуу, фельдшер-акушердик пункттардын (ФАП), бейтапкана жана ооруканалардын санын көбөйтүү керектигин белгиледи.

Кыргызстанда медициналык тейлөө акысыз болгону менен оорулууларга дарылануусунун кайсы бир бөлүгүн төлөөгө туура келет. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков акысыз жана акы төлөнгөн медицинанын баасы менен сапатын кайрадан карап чыгуу зарылдыгына токтолду.

«Көп учурда калктын эң аярлуу катмарларына — колунда жокторго, аялдарга, балдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге дарыланууда кайсы бир бөлүгүн төлөөгө туура келет. Ошол эле учурда акы төлөөгө жөндөмдүү адамдар атайын мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарыланышат. Саламаттык сактоо тармагындагы мындай системаны өзгөртүш керек. Акы төлөнгөн медицина сапаттуу болуп, ошол эле учурда акысыз сапаттуу тейлөөнү калктын аярлуу катмарларына көрсөтүш керек», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент  айлык акыны жогорулатууда акыйкат бөлүштүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурду жана үй-бүлөлүк медицинанын дарыгерлеринен кийин стационардык медициналык тейлөө кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүшү керектигин белгиледи.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of