«Экинчи нандын» качан кымбаттарын Мурашев айтты

Быйыл өлкө аймагы боюнча 84 миң 500 гектар жерге картошка айдалган. Бул 2017-жылга караганда 1300 гектарга көп.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдиргендей, алынган түшүмдүн жалпы көлөмү 1,5 млн. тоннаны түздү.

Министр картошканын баасы октябрь айында өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 3 сомго арзан экенин, бирок ноябрдын орто чендеринен баштап көтөрүлө турганын кошучалады.

Кыргызстандын картошкага болгон ички керектөөсү 800-900 тоннаны түзөт.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика