Экспорт эң начар! Жээнбеков айыл чарба министрлигинин иши сынга алды

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алып, күзгү талаа жумуштарынын жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министр Нурбек Мурашев өзгөчө картошканын баасы төмөн экенин, килограммы 5-7 сомдон сатылып жатканын маалымдады. Быйыл картошканын наркы өткөн жылга караганда 3 сомго арзан.

«Октябрь айында картошканын баасы арзан болду. Ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатабыз. Учурда картошканы жана башка продукцияны экспорт кылуу боюнча Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Мурашев.

Мамлекет башчысы рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушту сынга алды. Президент айыл чарба продукциясын экспорттоо, кайра иштетүү менен дыйкандардын эмгегин колдоо аркылуу экономиканы өнүктүрүүгө болоорун эске салды.

Аны менен бирге президент Жээнбеков ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу министрликтин негизги багыты болушу керектигин эскертти.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of