Эми жол үчүн да акы төлөй баштайбыз. Министрлик кайсы жолдор экенин атады

Кыргызстандагы үч ири кан жолдон акы алынат.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлагандай, учурда Бишкек –Ош жолунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол, Кара-Балта- Чалдыбар жолу жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кубакы- Балыкчы жолун кыскартуу үчүн Кубакы ашуусу акы төлөнүп өтүүчү жол катары пилоттук долбоорго киргизилди.

Аталган министрликтен ырастагандай, жогоруда аталган үч жолго акы төлөп туруу иши жакшы натыйжа берсе, Түндүк-Түштүк атаандаш жолун да акы төлөнүүчү жолдорду катарына киргизүү планы бар.

Азырынча ар бир унааадан канча сом алынары тактала элек. Унаанын көлөмү, тиби жана башка айырмачылыктарына жараша акынын суммасы иштелип чыкмакчы. Андан кийин бул демилге коомдук талкууга коюлат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика