Христиан динин тутунган жигиттин сабалышы. Милиция адвокаттын жүйөөсүн төгүндөдү

Ысык-Көлдүн Тамчы айылында 25 жаштагы Элдостун сабалышы боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу  облустук милициядан билдиришти. 

Ысык-Көл ОИИБси жабырлануучунун адвокаты Жанара Аскар кызынын милиция арызды кабыл албай жатат деген маалыматын четке какты.

“16-октябрда тергөөчү соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Анын үстүнө Элдос алгачкы арызы жана түшүнүк катында уруп-сабоо анын туткан динине байланыштуу экенин айткан эмес”, – дешти милициядан. 

Автоматический альтернативный текст отсутствует.

Жабырлануучу Элдос 1-октябрда Тамчыдагы туугандарынын үйүнө келген. 15-октябрдын кечинде христиандык багыттагы музыка уккан. Ошол түнү кошуна айылда үч бала келип, Элдосту уктап жаткан жеринен сабап салган.

“Шектүүлөр аны катуу сабап, “же диниңди өзгөртөсүң, же айылдан чыгып кетесиң. Болбосо өлтүрүп кетебиз” деген талапты коюшкан”. Бул жактоочунун версиясы.

А милиция болсо окуяны башкача сүрөттөйт.

“Чатак диний негизде чыккан эмес. Элдос музыканы катуу коюп алган. Жергиликтүү балдар жинденип анын үйүнө келишкени чын. Бирок бастырып кирбей, айнекти такылдатышкан. Элдос сыртка чыгып, мушташтан кийин үйгө кирип жатып алган. Эртеси гана милицияга кайрылган”. Бул версияны милиция Элдос өзү жазган арызга негиздейт.

Элдостун жаагы сынып, бүт денеси көгөргөнү, баш мээси чайкалып, көзү жабыркаганы айтылууда. Ал эки операциядан өтөт.

Сүрөт: ВБ

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика