ИИМ: 9 айда 22 миңден ашуун кылмыш иши катталды

Ушул жылдын тогуз ай аралыгында Кыргызстанда 22 миңден ашык кылмыш катталган.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинде өткөн тогуз айдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда маалым болду.

Катталган кылмыш иштеринин 15 миңден ашыгынын бети ачылган.

ИИМдин тергөө кызматы 18 миң 500 иш козгоп, анын 12 миңден ашууну сотко өткөрүлүп берилген.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика