Илбирсти коргоого арналган он күндүк башталды

Бүгүн, 23-октябрь – илбирсти коргоонун эл аралык күнү.

Бул датага карата Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги 22-октябрдан 30-октябрга чейин он күндүк өнөктүктү жарыялады.

Илбирсти коргоо декадасынын алкагында Бишкекте эл аралык илбирс күнү белгиленип, аны коргоо жаатындагы талкуулар өтөт. Мындан сырткары сүрөт көргөзмөлөрү, илбирстер тууралуу роликтер көрсөтүлөт.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө 324 ак илбирс бар. Илбирсти аткан же зыян тийгизгендерге карата 1,5 миллион сом өчөмүндө айып пул салынат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика