Казак жаранынын унаасынан ителги кушу табылды

Кечээ, 22-октябрда Чалдовар өтмөк постунан чек арачылар менен чогуу унаа текшерүү учурунда “Мерседес бенц” үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен бир даана ителги кушу табылды. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Автуонааны Казакстан Республикасынын 1987-жылы туулган жараны Джунуспеков Ельдос Тулюгенович башкарып бараткан. 

Чалдовар постунун кызматкерлери тарабынан акт түзүлүп, ителги кушу конфискацияланды. Канаттууну “Бугу эне” коомуна тапшыруу боюнча иш жүргүзүлүүдө. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of