Маданият ишмерлеринин волейбол мелдеши өтөт

2-ноябрда Бишкек шаарында өлкөдөгү жалпы өнөрпоздор арасында волейбол боюнча 2-республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу “Калыс Медиага” демилгечилердин бири Улукбек Омокеев билдирди.

“2018-жылдын башында федерация менен макулдашылып өнөрпоздордун лигасын (“ART лига”) түзүү үчүн ушул турнир демилгеленген. Чыгармачыл инсандардын байланышын күчөтүп, волейбол спортун пропагандалоо максат болду. Ырчы, акын, музыканттардын арасында чебер ойногон оюнчулар көп экен. Алгач жазгыч акындар (төкмө акындар өзүнчө команда) уюштуруп 8 команда катышып, оюн абдан кызыктуу өттү. Ош жана Бишкек шаарындагы акындар биргелешип чуркап жүрүп баштап бердик. Турнирге КРВФнын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышып, диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Эстафетаны ырчылар командасына өткөрүп бергенбиз. Алар азыр кызуу даярданышууда” – дейт турнирдин демилгечилеринин бири акын Улукбек Омомкеев.

“Бул оюнга жалаң гана өнөр адамдары катыша алат. Спорттун чеберлери, улуттук жана жогорку лиганын оюнчулары ойной алышпайт. Маданиятка жаңы аралашкандар үчүн эл алдында өнөр тартуулаган тасмалары, же теле, радиого чыккан жазуулары, гезит-журналдагы чыгармалары өнөрпоз экендигин тастыктоочу документ болот. Бирок көбүнчө элге белгилүү болуп калган чыгармачыл инсандар катышып жатышат. Ар бир өнөр тармагынан бирден же экиден команда ойноого уруксат. Бирок кайсы бир өрөөн, же шаар өздөрүнчө команда болбой, курама команда болууга милдеттүү”, – деп кошумчалады ал.

Ал эми турнирдин кезектеги турун өткөрүп жаткан ырчылар командасынын жетекчиси, уюштуруу тобунун төрагасы белгилүү ырчы Талант Сыдыков кезектеги мелдешке даярдык кызуу жүрүп жатканын билдирди. “Азыр өтүлүүчү жайды тактап, командаларга турнирдин жобосун таркатып бердик. Бул жолу катышуучулардын саны 10 командадан ашуусу күтүлүүдө. Акындар, төкмө акындар, музыканттар, тамада-алып баруучулар, кино жана театр актерлору катышуу ниетин билдиришти. Ырчылар албетте эки команда менен чыгабыз. Ачылуу салтанатында кыска программадагы концерт уюштурулат. Баарыңыздарды 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүнө утурлай Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач жаңы конушуна “Дем” спорт комплексине чакырабыз” – деди ал.

Эскерте кетсек, бул турнир өтмө кубок катары ар өнөрдүн өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилип турмакчы. Быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика