Ноокатта өз атасы сегиз жашар кызын зордуктактап жүргөнү айтылууда

Ош облусунун тургуну  сегиз жаштагы өз кызын алдап-коркутуу жолу менен зордуктап жүргөн.  Бул тууралуу “Ак жүрөк” кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова билдирди.

Анын айтымында жабыркаган кыз  иниси жана апасы менен бирге борбордун убактылуу баш калкалоо жайына жайгаштырылды.

Окуя боюнча милицияга арыз жазылды.

“Апасы айтып, түгөтө албайт. Үйдөн араң качып чыгышкан”, – дейт Асилбекова.

Маалыматты Ош ОИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады. Окуя Ноокат районунда болгон. Азыр текшерүү иштери жүрүп жатат.

Акыркы эки жылда Кыргызстанда 300дөй бала зордукталган. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, адатта ыдык көрсөтүүчүлөр балдардын жакын адамдарды болуп чыгат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика