Ноябрдан майып балдардын ата-энелерине айлык төлөнөт

1-ноябрдан тарта тынымсыз кароого муктаж 6 миң мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын ата-энесине айлык төлөнөт. Акы 5-6 миң сомдун тегерегинде болот. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Абдиев 22-октябрда ЖКнын комитеттик жыйынында билдирди.

Статс катчы тактап өткөндөй, акы чегерүү боюнча документ тиешелүү мекемелерге макулдашууга кетти. Каржы болсо министрликте 2018-жылкы бюджеттен үнөмдөлүп калган акчанын эсебинен табылды.

Майып балдардын энелерине айлык “персоналдык жардамчы” деген категориядагы патенттин негизинде чегерилет. Төлөмдүн бул шартына депутат Аида Касымалиева каршылыгын билдирди.

“Персоналдык жардамчы катары төлөп берүү системасы буга чейин аябай талашка түшкөн. Эмнеге ата-эне өз баласын караганы үчүн патент алышы  керек? Бул жеке ишкердик жагына кетип калып жатат. Эмне үчүн документ, механимздерди тактабай туруп, шашып жатасыңар? Менде бүдөмүк ойлор жаралып жатат. Мунун айынан чоң ызы-чуу чыгышы мүмкүн”, – деди Касымалиева.

Статс катчы бул маселе тиешелүү адистер менен макулдашылганын, системаны кийин кайра карап чыгууга болорун кошумчалады.

Ата-энелер майып балдарды караганы үчүн айлык чегерүү маселесин 2009-жылдан бери көтөрүп келет. Анткени баланы карагандардын, адатта энелердин иштеп, кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүгү болбойт. А балага берилген майыптык боюнча 3 миң сом жөлөкпул дары-дармекке да жетпейт.

Кыргызстанда 30 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар бар. Алардын 6 миңдейи өз алдынча таптакыр жашай албайт. Өкмөт ушул категориядагы балдардын энелерине айлык төлөп бергени жатат.

Сүрөт: Кактус

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of