Он сегиздегидей жапжаш! 44 жаштагы актриса сулуулук сыры менен бөлүштү

Жакында эле 44 жашка толгон тайвандык актриса Алисса Чиа өзүнүн эмнеге жаш көрүнгөнүн айтты. Ал кеп-кеңеши менен Daily Mail басылмасына бөлүштү.

Чианын үч кызы бар. Алар  13, 3 жана 1 жашта. Жолдошу болсо актрисадан тогуз жашка кичүү.

Алиссанын жаш көрүнгөнүнө таң калып, соцтармактын колдонуучулары  мунун сырын көп сурайт.

Актрисанын айтымында, анын жаш көрүнүшүнө бир нече себептер бар. Ал спирт ичимдигинен биротоло баш тарткан. Кечки тамакты жебейт. Мындан тышкары майлуу жана ачуу азыктарды колдонбойт. Уктардан мурда кол телефонун өчүрүүнү дагы адатка айланткан.

Ал сулуу болуунун сыры жөнөкөй дейт. Дайыма жылуу суу ичип, жумасына 2 жолудан спорт менен машыгып туруш керек.

“Эң башкысы өзүңүзгө убакыт бөлүү керек. Бетиңизге массаж жасап туруу зарыл. Эс алууга дагы өзгөчө маани берүүнү унутпаңыз”,-дейт актрисса.

Чиа – Кытай жана Азияга таанымал актриса. 16 жашынан баштап жарнамалык роликтерге тартылып, Тайвань, Кытай сериалдарында роль жараткан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика