Памирдеги боордошторго гуманитардык жүк жеткирилди

Кыргыз өкмөтү тарабынан Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринде жашаган этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык жүк жеткирилди.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тарыхый мекенинен ыраакта жашап жаткан боордошторго 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүк продуктулары, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жеткирилди.

Экспедицияга Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог жана “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын чыгармачыл тобу катышты.

Памирлик кыргыздар өкмөткө жана жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика