Рыскелди Момбеков: Шаршембиев мага демек Англиянын арбитраждык сотуна барсын

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев депутат Рыскелди Момбековду сотко берет. Буга эл өкүлүнүн “Шаршембиевдин тогуз кылмыш ишине тиешеси бар” дегени себеп.

Бакыт Шаршембиевдин өкүлдөрү “Кактуска” билдиргендей, доо арызды бүгүн сотко тапшырышат.

“Момбековдун билдирүүсүндө чындыкка коошпогон, Бакыт Шаршембиевдин абийирине шек келтирген маалыматтар бар. Буга байланыштуу ал бузулган укугун коргоо үчүн сотко кайрылууга мажбур”, – деди чиновниктин өкүлдөрү.

Алар сот чечими чыккан соң, Рыскелди Момбеков он күн ичинде Бакыт Шаршембиевден кечирим сурашы керек деп эсептешет.

Эске салсак, депутат Рыскелди Момбеков 10-октябрда ЖК жыйынында Шаршембиевдин тогуз кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып, ушундай адам “Коопсуз шаар” долбоорун жетектеп турганын айткан эле.

“Комитетке талапкер көрсөтүлгөндө эле айткам, беш кылмыш иши бар адамды жооптуу кызматка дайындап жатасыз деп. Бирок өкмөт башчы муну “ушак” деген. Мен азыр эле маалымат алдым – Бакыт Шаршембиевдин тогуз кылмыш иши бар экен”, — деген Момбеков.

Рыскелди Момбеков сөзүн артка албай турганын, айыбы болсо, Кудайдан гана кечирим сурай турганын “Калыс Медиага” билдирди.

“Мага демек Англиянын арбитраждык сотуна кайрылсын. Анын 9 кылмыш ишке тиешеси бар экенин айткам. Ал жабырлануучу, күбө же айыпталуучу катары өтөбү, мага баары бир. Сенин тармагыңда кылмыш иши болуп жатса, сенин кыйыр түрдө болсо да тиешең бар. Моралдык жоопкерчилигиң бар”, – деди Момбеков.

Бакыт Шаршембиев ушул жылдын апрель айынан бери Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин жетектейт. Ага чейин “Кыргызтелекомду”, РПО РМТРди башкарган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика