Шамбесай кениндеги митинг. Аким комментарий берди

Бүгүн, 23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Шамбесай айылында кенди иштетүүгө каршы элдер митингге чыкты. Интернетке жарыяланган сүрөт, видеолордо милиция кызматкерлери топтолгон элди тосуп, таркатып жатканы байкалат.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков “Калыс Медиага” билдиргендей, эл митингге чыккан эмес. Анын айтымында бүгүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен түзүлгөн атайын комиссия кендин айланасындагы топурактан, суудан текшерүүгө алып, эл менен жолугушмак.

“Эрте менен айыл-өкмөттүн алдында келген 50дөй адамга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кен жакка барганыбызда 100 чакты адам тоскоолдук жаратты”, – деди аким.

Эскерте кетсек, жергиликтүүлөр Шамбесай алтын кенин жабууну жана анда иш алып барып жаткан компаниялардын аймактан чыгып кетишин буга чейин да талап кылып келишкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of