Сузакта жер көчүп, дарыяны тосуп калды

Бүгүн, 23-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Акчалуу айылында жер көчүп, Ачы-Сай суусун бөгөп калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык саат 11.30дар чамасында болгон.

Жер көчкөн аймакка ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылган. Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

ӨКМ жер көчкү турак-үйлөргө коркунучу жок экенин ырастады.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of